www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Ормуз кысыгы аркылуу ташылган бардык жүктөрдүн наркынын 20% өлчөмүндө компенсация алат. Бул каражат кысыктын коопсуздугун камсыздоо чыгымдарын жабууга жумшалат.

Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп Truth Social социалдык тармагындагы баракчасына жазган.
 - Ормуз кысыгы ачык жана Иран менен болобу же Ирансыз болобу, ачык бойдон калат. Биз Иранга карата блокаданы кайра киргизип жатабыз. Бул блокада Ирандын кемелерине жана анын кардарларынын кемелерине гана тиешелүү болуп, аларга кысыкка кирүүгө же андан чыгууга тыюу салынат. Калган бардык өлкөлөр кысыктан адилеттүү жана эркин өтө алышат, - деп жазган ал.

Трамптын айтымында, мындан ары АКШ «Ормуз кысыгынын сакчысы» деп аталат. Ал эми алынган төлөмдөр дүйнөнүн «өтө туруксуз аймагы» деп мүнөздөлгөн бул аймактагы коопсуздук жана коргонуу чыгымдарын каржылоого багытталат.

Последние новости