www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Европа Биримдигине (ЕБ) мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери Орусияга каршы 21-пакет санкциялар боюнча макулдашууга жетише алышкан жок.
Бул тууралуу Европа Биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Кая Каллас маалымат жыйынында билдирди.
«Биз 21-пакет санкциялар боюнча макулдашууга жетише алган жокпуз. Бирок айта кетишим керек, биз буга абдан жакындап калдык. Ар кандай санкциялык режимдердин алкагында болжол менен 250 чара каралган жана алардын баары Орусияга болгон басымды күчөтүүгө багытталган», - деди Каллас.
Анын айтымында, даярдалып жаткан санкциялар пакетинен Орусиядан балык импорттоого байланыштуу айрым жоболор алып салынат.