www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда 2027-жылы өтө турган президенттик шайлоого дагы убакыт бар. Бирок саясий чөйрөдө алдыдагы өнөктүккө байланышкан күбүр-шыбырлар азыртан эле күчөй баштады.
Акыркы айларда коомчулуктун көңүлү негизинен «75чилердин» иши боюнча соттук процесстерге бурулуп турганы менен, саясаттагы көрүнбөгөн кыймылдар токтогон жок. Коомдо бул процесстерге байланыштуу ар кандай жоромолдор айтылып келет. Айрымдар болуп жаткан окуяларды бийликтеги негизги оюнчулардын алдын ала эсептелген саясий кадамы катары мүнөздөшсө, башкалары мындай пикирлерди куру божомол деп айтышууда.
2-июлда резонанстуу соттук процесстин аякташы менен саясий талаада жаңы кыймылдар байкала баштаганы тууралуу сөздөр көбөйдү. Айрым маалыматтарга таянсак, эми саясатчылардын көңүлү акырындык менен 2027-жылдагы президенттик шайлоого бурулду.
Коомчулукта талкууланып жаткан маалыматтардын бири — буга чейин АКШда «доставщик» болуп иштеп жүргөнү айтылган Улугбек Кочкоровдун акыркы кадамын айтсак болот. Айрымдар муну саясий имидж түзүүгө багытталган аракети экенин айткандар дагы жок эмес.
Мындан сырткары, мурда саясий куугунтукка кабылган айрым саясатчылар дагы кайрадан чоң саясатка кайтып, президенттик жарышка даярдык көрүп жатканы тууралуу маалыматтар бар. Азырынча алар ачыкка чыкпаганы менен тымызын аракеттер жүрө баштаган.
Албетте, азыр айтылып жаткан кептердин көбү саясий чөйрөдөгү талкуулар жана коомдук жоромолдор. Бирок бир нерсе айкын: президенттик шайлоо жакындаган сайын саясий активдүүлүк күчөп, жаңы альянстар, жаңы жүздөр жана күтүүсүз чечимдер чыга баштайт.
Ошондуктан бүгүнкү күндө айтылып жаткан ар бир маалыматты сын көз менен эмес чындыктай кабыл алуу маанилүү. Ал эми өлкө үчүн эң негизгиси — шайлоого даярдык атаандаштыкка, мыйзамдуулукка жана коомдук туруктуулукка доо кетирбеген шартта жүрүшү.
Баса, президенттик шайлоо демекчи, саясий чөйрөдө " 7-президент болушу мүмкүн" деген талапкерлер тууралуу сөздөр азыртан эле айтыла баштады. Айрым маалыматтарга караганда, талапкерлердин сап башында мурдагы премьер-министр «Сары бала» атыккан Сапар Исаковдун ысымы аталып жатат. Ошол эле маалда дымагы күч саясатчылардын катарында Медер Алиевдин дагы бар.
Ал эми мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун да өз алдынча саясий күрөшкө чыгууга даярданып жатканы тууралуу кептер күч алды. “Эки кочкордун башы бир казанга кайнабайт” деген кепти түшүнүп калганбы, айтор айрым маалыматтарга ылайык, ал эч кандай саясий бирикмеге же альянска кошулбастан, президенттик шайлоого өз алдынча аттанууну көздөп жатканын жакын чөйрөсүндө билдирген деген сөздөр айтылууда.
Албетте, азырынча бул маалыматтардын бири да расмий түрдө тастыктала элек. Бирок бир нерсе анык — 2027-жылдагы президенттик шайлоо жакындаган сайын саясий талаадагы оюнчулар акырындап өздөрүн көрсөтө баштайт. Азырынча коомчулук угуп жаткан маалыматтардын көбү саясий чөйрөдөгү бейрасмий кептер бойдон калууда.