www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Улан Жукенов аптанын башында өздүк курамдын саптык кароосуна катышты.
Андан соң ал кызмат жана бөлүм башчылары, ошондой эле шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен онлайн форматта аппараттык кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Жыйында коомдук коопсуздукту камсыздоо багытындагы бир катар маанилүү маселелер каралды.
Тактап айтканда, туристтик аймактарда коопсуздук чараларын күчөтүү, коомдук жайларда кылмыштуулуктун алдын алуу, сууга чөгүү учурларын болтурбоо боюнча профилактикалык иштерди активдештирүү жана аймактардагы ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн күчөтүү боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.
Мындан тышкары, кызматкерлер арасында кызматтык тартипти жана мыйзамдуулукту так сактоо, өздүк курамдын коомчулукта терс пикир жараткан коррупциялык жана аткезчилик сыяктуу мыйзамсыз аракеттерге аралашуусуна жол бербөө боюнча жетекчилерге тапшырмалар жүктөлдү.
Ошондой эле ар бир кызматкер кызматтык форманы белгиленген талаптарга ылайык кийип жүрүүсү милдеттендирилген.