www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 2025-жылдын 25-декабрында, Алга стадионунда Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки Башкы планынын долбоору боюнча коомдук угуулар улантылууда. 

Ага мэрдин орун басары Азамат Кадыров, башкы архитектор Медер Кыдырмаев, Санкт-Петербургдун Перспективдүү шаарлар боюнча илимий -изилдөө институтунун жетекчисинин орун басары Ирина Гришечкина жана шаардык кызматтардын өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Коомдук угуулардын жүрүшүндө Свердлов жана Октябрь райондорунун тургундарына Башкы пландын долбоору боюнча маалымат берилди жана аларга сунуштарын жана пикирлерин айтууга мүмкүнчүлүк берилди. Коомдук угууларга  бардык шаар тургундары, алардын каттоосу же Бишкекте  жашаган жерине карабастан катыша алышат.

2025-жылдын 25-октябрында 2050-жылга чейинки Бишкектин Башкы планынын долбоору коомдук талкуу үчүн мэриянын расмий сайтында жарыяланган. Бүгүнкү күнгө чейин муниципалитетке  шаар тургундарынан 370 сунуш жана пикирлер келген. Мындан тышкары, 2025-жылдын 27-октябрынан баштап шаар тургундары долбоорду кагаз түрүндө карап чыга алышат – 91 адам консультация алган.

Последние новости