www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биринчи май району боюнча муниципалдык администрация «Үлгүлүү аксакал», «Үлгүлүү байбиче», «Нарктуу келин», «Мыкты ата», «Үлгүлүү үй-бүлө», «Үлгүлүү көчө», «Үлгүлүү конуш», «Үлгүлүү ишкана» жана «Үлгүлүү жамаат» номинациялары боюнча сынактардын жыйынтыгын чыгарды.

Кандидаттар райондук муниципалдык аймактык башкармалыктары тарабынан сунушталып, алардын материалдары жана видео-презентациялары комиссия тарабынан кылдаттык менен бааланды. Баалоо 0-дөн 5-ке чейинки баллдык система менен жүргүзүлдү.

Сынактарга активдүү тургундар,  үй-бүлөлүк жана коомдук баалуулуктарды бекемдөөгө, жарандык жоопкерчиликти чыңдоого, ошондой эле райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салымын кошкондор катышты.

Жеңүүчүлөр райондук администрация  тарабынан  белектер  менен сыйланышты.

 

Последние новости