www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
21-кылымда кара курсак үчүн жардам сурап калган бул трагедия! Бул тууралуу пикирин Дайырбек Орунбеков жазып чыкты.
--Урматтуу Кыргызстандыктар! Алдыда Президенттик шайлоого байланыштуу, талапкерлерди колдоп, адаттагыдай бөлүнүп-жарылып баштайсыңар. Бирок, бул жолку шайлоо адаттагыдай эмес, өзгөчө болот. Кыргызстан чынында өтө оор абалда. Бюджеттин тартыштыгы соңку саясий кырдаалдан улам 33 миллиард сомго жетип, тышкы карыздын төлөө өлчөмү дагы 2021-жылдан тарта 30 миллиард сомдун тегерегине тээп, экономика эңшерилип турат.
Бизде мындай акча каражаты жок, ал тургай жакында эле тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Өзбекстандан азык-түлүк үчүн жардам сурап келди. Жөнөкөй айтканда тамак сурап келди, ачка калбайлы деп. 21-кылымда кара курсак үчүн жардам сурап калган бул трагедия! Абалыбыз ушундай болуп калды. Бизди бир дагы мамлекет легитимдүү өлкө катары тааныбай жатат.
Ушундай маалда - барыбыз мамлекетчил бололу. Эски таарынычтар, саясий кызыкчылыктардын түрдүү экенине карабай биримдикте кол кармашып, жөлөк болушубуз абзел.
Оор кырдалда мамлекеттин жүгүн мойнуна алам деп азаматтар президенттик тактыга ат салышат. Аларды колдоп, сүрөп жаткандарга сунушум жана өтүнүчүм бар. Кимдир бирөөнүн артыкчылыгы жөнүндө элге маалымат берип жатып, башка атаандаштарды каралап, жамандап жазбагыла. Бардыгы тең элдин арасынан суурулуп чыккан, кадырына жараша колдоосу бар адамдар. Деңгээлине жараша добуш алат. Каралоо, мазактоолор эч кандай таасир бербейт жана элдин пикирин өзгөртпөйт. Ошондуктан үгүт учурунда саясий маданияттуулук менен иш алып барыңыздар.
Утуп келген адамдын ким экендигине карабай, анын жеңишин таанып, адаттагыдай митинг кылып кыйкырбай тынч жана легитимдүү бийликтин башкаруусуна өтөлү. Ансыз дагы жапайы түшүнүктөр, бийлик басып алуулар өлкөбүздүн экономикасына зыян, кадырына сокку уруп жатат.
Ошондуктан ынтымак менен Президент шайлап, мыйзамдуу жашообузга кайтып келели. Саясий атаандаштар же талапкерлер бир-бирине душман эмес, барыбыздын душманыбыз - кошуналардан тамак сурап калган жакыр абалыбыз.
Келгиле Кыргызстан үчүн ынтымакта бололу, урушпайлы, урушкан болсок, көнүл калтырышкан болсок Кудай үчүн кечиришели! Талаша турган, бөлүшө албаган эч нерсе жок. Ынтымакка келе албай жатып, эгемендүү өлкөбүздү жоготуп албайлы. Анда бизди ата-бабанын арбагы кечирбейт.
Мекендешим, досум бул пикирим менен макул болсоңуз, анда башкалар менен бөлүшүп коюңуз!-деди Дайырбек Орунбеков.
Булак: NazarNews.kg