www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Пакистандын түштүк-чыгышындагы Белужистан аймагындагы жергиликтүү профсоюздук лидерди белгисиз адамдар өлтүрүп кетишти. Бул тууралуу чет элдик басылмадар жазды.
Жергиликтүү полициянын маалыматы боюнча, 10-ноябрда Алла Дад Тарин мечиттен үйүнө кайтып келе жатканда аны кылмышкерлер атып кетишкен. Кол салгандар дароо изин жашырган. Бул кылмыш үчүн эч ким жоопкерчилик алган жок.
Билдирүүгө ылайык, Тарин Белужистандагы соодагерлер биримдигинин баш катчысы катары аймакта жигердүү иш алып барчу. Ошондой эле ал пуштундардын улуттук партиясынын мүчөсү болчу.
Бул арада Белужистандын борбору Кветтанын дүкөндөрү менен базарларындагы соодагерлер Тариктин өлтүрүлүшүнө нааразылык иретинде ишке чыкпай турганын жарыялашты.
Маалым болгондой эле бул аймак Ооганстан жана Иран менен чектеш, тоо кендерине бай Белужистанда диний, улуттук кагылыштар жана террорчулардын чабуулдары тынымсыз болуп турат..
Эске салсак, аталган аймакка болгон чабуулдардын кесепетинен 2004-жылдан бери миңден ашык адам мерт болгон.
Булак: NazarNews.kg