www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү азайды, ошого карабай «светтин» баасы арзандайт. Премьер-министр Садыр Жапаровдун айтымында кыштан эптеп чыксак, майдан баштап 700 квт/сааттан өйдө төлөнө турган 2 сом 16 тыйындын наркы арзандап 77 тыйынга түшөт. Элдин көбү электр менен жан сактагандыктан бул кубанычтуу жаңылык, илгери үмүт. Токтогул суу сактагычында суунун көлөмүнүн азайып баратканы дагы электр баасы өсөбү дегендей көпчүлүктүн жүрөгүн түпөйүл кылып жаткан. «Кыш камын күздө көр» -дегендей суу сактагычтагы суунун көлөмү азайып, анын кесепетинен  электрге болгон таңсыктык күчөп кетсе ким жооп берет эле? Албетте, жаңы өкмөт мындай чоң жоопкерчиликти мойнуна албай, мурунку өкмөткө шылтай койсо көнүмүш адат болмок. Мурунку атка минерлер  Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүнүн азайып бара жатканын элге айтыш үчүн өң келбетин бузушуп, тунжурап, катуу өкүттө тургандай көрүнүп, анан акырындык менен элге угуза турган. Ал эми экс биринчи вице –премьер Алмазбек Баатырбеков эч кебелип да койгон эмес, чайнектеги суу капыстан  бөксөрүп калса да бир ирмемге «бул эмнеге бөксөрүп калган» деген ой келиши мүмкүн. Биздин Кыргызстанды электр менен камсыз кыла турган Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүнүн азайып бара жатканы, ошол жерди тейлеген жетекчини эч кандай ойго салган эмес.

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 2019-жылдын 1-октябрына карата 17,2 млрд куб метрди түзгөн, 2018 - жылдын ушул мезгилинде – 19,2 млрд куб метр, 2017-жылы 19,6 млрд куб метр болгон, ал эми быйыл адистердин божомолуна ылайык, алдын ала эсептер боюнча суунун көлөмү 14,9 млрд куб метр болоору күтүлүп жатат. 2017-жылга салыштырмалуу 2018- жылы 0,4 млрд куб метрге азайса, 2019-жылы 2,4 млрд куб метрге азайып, ал эми быйыл 2020-жылга карата 4,7  млрд куб метрге азайып баратканда электрдин арзандашы кутүлбөгөн жаңылык. 4,7  млрд куб метр оюнчук эмес да, бул Токтогул суу сактагычында суунун көлөмүнүн төрттөн бири «бууланып», жок болуп кетип жатканын түшүндүрөт да.

Азыркы парламент каникулга тарар алдында электр маселеси да козголгон. Парламенттик жыйынга жылуулук-энергетикалык комплексинин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агентчиликтин директорунун орунбасары Миргүл Айдарова катышып, ага депутат Кенжебек Бокоев электрэнергиясын канчадан сатабыз деп суроо салган. Көрсө, электрэнергиясы 2018-жылы Казакстанга 6 сом 76 тыйындан, Өзбекстанга 1 сом 47 тыйындан сатылыптыр. Быйылкы жайдын алдында Кыргызстандын “электробарондору” Казакстан менен электр жана сууну алып беришүү боюнча келишим түзүшкөн. Жаңы түзүлгөн келишим боюнча 2020-жылдын 1-июнунан баштап эмнеге 0,00000001 доллардан (болжол менен 0,00001 тыйындан) Казакстанга электрэнергиясы кетип жатканын атка минерлер элге айтышкан жок.  Ошол эле мезгилде бул келишим боюнча сууну да аркыратып Казакстанга агызып жөнөтүү тууралуу маселе козголгон. Эгерде суу өзүбүздөн ашып, Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү нормадагы 19 млрд куб метрге жетип турса, мейли коңшулаш мамлекеттерге сууну бере беришсин. Алдын ала эсептер боюнча суунун көлөмү 14,9 млрд куб метр болоору күтүлүп жатса, биз чара көрүүнүн ордуна коңшуларга эмнеге суу берип жатканыбызды Кыргызстандын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жана «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК өкүлдөрү түшүндүрбөйт?

Мурунку бийлик тарабынан биздин ушундай алкеш-чалкеш заманда электрге болгон тарифтеги баа өзгөрүлбөйт, ортодогу кетип жаткан акча каражаттарын тоо кен өнөр жайына тиешелүү ишканаларын тарифин көтөрүү менен толтурабыз деген сөз айтылган. Канаданын бир жаранына тиешелүү  Кумтөр Центерра Голд компаниясына Кыргыз элибизге тиешелүү электрэнергиясын 2сом 24 т.×1.3 коэфф.= 2сом 91 тыйын менен эле сатат экен. Элине 700 Квттан соң  2 сом16 тыйындан сатат. Кудай деп жакабызды кармайлы жаңы өкмөт электрэнергиясына тарифтин баасын түшүргөн турат. Мурда  “Республика –Ата -Журт” фракциясынан депутаты Кенжебек Бокоев эгер үч фазалуу жылытууну кийире турган болсо, электрге баанын өсүшүнө кайылмын деп чоң трибунадан жар салып турчу.

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү азайып калганы  эми башка жетти. Электрди жайында Казакстанга болбогон тыйынга сатып, кайра электрди сатып ала баштайбыз. Балким, суу сактагычтарда суунун деңгээлин сактасак туура болмок.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости