www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

22 жаштагы көчөдө калган келиндин ымыркайын алып кетишти

Кара-Балтада көчөдө калган жаш эненин жаңы төрөлгөн баласын, Өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери алып кетишти.

Маалыматка караганда,  Кара-Балта шаарынын милиция кызматына жергиликтүү тургундардан билдирүү түшүп, сейил бакта бир нече күндөн бери жаңы төрөлгөн ымыркай көтөргөн аял жүргөнүн жана аял мас абалда экенин, ымыркай туруктуу жашаган жери жок адамдардын колунда жүргөнүн маалымдашкан.

Маалымат келип түшөөрү менен кызматкерлер, келиндин 1998-жылы Жайыл районунда туулгандыгын, 2020-жылдын 4-мартында уул төрөгөндүгүн жана күйөөсү менен ажырашып кеткендигин аныкташкан.

Мындан тышкары, келиндин колундагы ымыркай анын экинчи уулу экенин, биринчи уулу апасынын колунда калгандыгы такталган. «Биз ал аялды алып барып, канында алкоголь бар же жогун текшердик. Анализдер бар экенин көрсөттү. Баласы медициналык мекемеге жаткырылды. Бул иш балдарды коргоо бөлүмүнө берилет», - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости