www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош филармониясын 2000-жылдан бери жетектеп келген Гүлшайыр Садыбакасова 22 жылдан кийин кызматтан алынды.

Ал арада Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги бошогон бул кызматка сынак жарыяланды.

Гүлшайыр Садыбакасовага эмне себептен кызматтан кетенин Eurasia Today басылмасына айтып берди.

Эл артисти 2023-жылдын 1-февралында жумуштан кетүү боюнча арызын бергенин, бул ден соолугуна байланыштуу экенин билдирди.

"Биринчиден – ден соолугум. Ден соолукту карашым керек болду. Ошол үчүн мен үч жарым ай мурда министрге кирип: "Ден соолугума байланыштуу мен жаңы жыл өткөндөн кийин кызматты тапшырам, ушул жылды жыйынтыктап коеюн", – дегем. Анан министр Алтынбек Аскарович: "ой, иштей бериңиз, сизди бирөө бир нерсе деп атабы?" – деди. Бирок мен чечим кабыл алганымды айттым. Анткени азыр менин көзүм эң башкы ролдо турат. Көзүмдү каратып, дарылашым керек болуп атат. Анан экинчиси, жашым деле 70ке жетти да. Ошого, жаштарга орун бошотоюн, өзүм өстүргөн шакирттерим бар, ошолор иштесин дедим. Бүгүнкү күндө менин колумдан тарбияланып чыккан онго жакын шакирттерим түрдүү маданият мекемелеринде директор болуп иштеп атышат. Анан кийинки муундар дагы биздин жасаган иштерибизди улантып кетсин деген жакшы максатта ушул жолго бардым", - деди Садыбакасова.

Садыбакасова ошондой эле, Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исатбек кызынын билдирүүсү анын кызматтан кетүүсүнө эч кандай тиешеси жок экенин айтты.

"Мен министрге ага чейин эле октябрда айтканмын. А тиги кыздын "шоу-балети" декабрда чыгып атпайбы. Ал бечаралар да кийин угуп алышып, аябай жаман болушпадыбы: "кап, жазбай эле турбаптырбыз", – деп. Алар мен министрге айтып, бышырып бүтүп: "мен жаңы жылдан кийин кетем", – деп койгондон кийин чыгып атышпайбы", - деди эл артисти.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын декабрь айында Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аида Исатбек кызы Ош филармониясынын абалы тууралуу айтып, аны 22 жылдан бери жетектеп келе жаткан Садыбакасованын кызматын кароо керектигин белгилеген.

 

 

Последние новости