www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын директорлук кызматына документтерди кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

Бул кызматка төмөнкүдөй квалификациялык талаптар коюлган:

«Маданият жана искусство» багыты боюнча жогорку кесиптик билими;

гуманитардык, педагогикалык, экономика жана башкаруу багыттары боюнча жогорку кесиптик билими;

жетекчилик кызматтарда 2 жылдан кем эмес иш стажы;

маданият жана искусство чөйрөсүндө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:

Бардык документтер Маданият министрлигинин адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнө 2023-жылдын 13-февралына чейин тапшырылууга тийиш.

Кошумча маалымат алуу үчүн +996 312 662683 номери аркылуу байланышууга болот.

Эскерте кетсек, аталган филармонияны 2000-жылдан бери башкарып келген Гүлшайыр Садыбакасова кызматынан бошотулган.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исатбек кызы филармониянын абалы начар экенин айтып, Садыбакасованын ээлеген кызматына ылайыктуулугун кароону сунуштаган.

Ал эми Садыбакасова ага жалган-жалаа жабылып жатканын айтып, депутаттан кечирим суроону талап кылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости