www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Журналисттин өлүмү. Блогерге сот өкүмү чыкты

Журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмнө шектелген блогер Батмакан Жолболдуева, КР Кылмыш-жаза кодексинин бир беренеси боюнча акталып, үч беренеси боюнча айыптуу деп табылды.

Баткен райондук соту блогер Батмакан Жолдубаеваны "Байкабастыктан адам өлүмүнө алып келүү" беренеси боюнча актап, бирок "Бейбаштык", "Жеке турмуштун кол тийбестигин бузуу" жана "Документтерди жасалмалоо" беренелери боюнча күнөөлүү деп тапты. Ага 2 жылга пробациялык көзөмөл дайындалып, ошондой эле, 2 жылдык мөөнөткө блогердик ишмердүүлүгүнө тыюу салынды.

2022-жылдын 25-мартында маркум Галымбетова Жолдубаева аны кемсинткен деп милицияга арыз жазган. Кайрылуудан кийин журналисттин абалы начарлап, ооруканага жеткирилип, бир нече убакыттан кийин каза болгон.

Блогер Жолдубаева кармалып, иш козголгон.

Бирок, ушул эле жылдын август айында ал үй камагына бошотулган.

Ага карата «Бейбаштык», «Документтерди жасалмалоо», «Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу» беренелери менен да кылмыш иштери козголгон. Бирок бул журналисттин өлүмүнө эмес, блоггерге байланыштуу башка окуяларга козголгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости