www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Май куюучу жайды 23 долларга тоноп кеткен кытайлык жаран полиция кармап албасын деп 14 жыл тоодогу үңкүрдө жашынып жүргөн. Бул тууралуу Oddity Central жазды.

Лю Моуфу 30 жашында эки шериги менен май куюучу жайды тоноп кеткен. Бирок уурулар кассадан 23 доллар табышкан. Көп өтпөй полиция шериктерин кармаган. Ошондон кийин ал жашынууну чечкен. Полиция анын үй-бүлөсүн суракка алып, үйүн тинтип жатканда Лю токойдо жашынып жүргөн. Ал акыры тоодогу үңкүргө отурукташкан.

Люнун үй-бүлөсү аны бийликке кайрылууга бир нече жолу үндөшкөн, бирок ал баш тарткан. 2023-жылы гана минтип жашай албасын түшүнүп, полицияны үңкүргө өзү жетелеп барган. 14 жыл бою ал киши үй-бүлөсүнүн жашоосундагы атасын акыркы сапарга узатуу, уулунун үйлөнүү тою жана небересинин төрөлүшү сыяктуу көптөгөн маанилүү окуялардан калган. Лю азыр камакта жана 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости