www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен 17-февралда «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын баш директорунун мурдагы орун басары камакка алынды, ал февралдын башында кармалган. Доллардын наркы өсүп кетти деп, былтыр «Кыргызаэронавигациянын» банк эсебинен 180 миң доллар алынган, бирок ал акча ишкананын кассасына түшкөн эмес.

Былтыр апрелде Финполдун жетекчисинин мурдагы орун басары, андан мурда Финполдун Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын жетекчиси кармалган. Алар 2020-жылы «Халык-банк» аркылуу Кыргызстандан Кытайга жасалма фирмалар аркылуу 8 айдын ичинде 60 млрд сом, же ошол кездеги баалар боюнча 700 млн доллар чыгарып кетүүгө жардамдашкан.

Кыргызстанды биз кедей мамлекет дейбиз, бирок өлкөнүн байлыгын ушундай шылуундар тоноп-карактап жаткандыктан жакыр. Бизге белгилүү болгон бир эле учурда 8 айдын ичинде мамлекет 700 миллион долларга тонолуп жатат, бирок мындай карактоо фактыларынын канчасы коомго белгисиз.

Последние новости