www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

23-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат

23-май, шейшембиде, Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондорго кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +19...+24, Талас аймагында +18...+23, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +24...+29, Ысык-Көлдө +15...+20, Нарын жергесинде +17...+22 градус болот.

Күндүн табы борбор калаада +19...+21, Ош шаарында +27...+29 градуска чейин көтөрүлүп, мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости