www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык соту 24.kg агенттигинин кеңсесине кирип, ишин улантуу боюнча апелляциялык арызды карап, мурдагы чечимди күчүндө калтырды. Бул тууралуу адвокат Нурбек Сыдыков "Азаттыкка" билдирди.

Анын сөзүнө караганда, сотто адвокат редакциянын ишмердигине тыюу салынбаганын белгилеп, кызматкерлерге кеңсеге барып иштөөгө уруксат берүүнү сурады. Сыдыков агенттик кеңсени ижарага алып иштетерин, анын акысы да төлөнүп жатканын кошумчалады.

Отурумда сот Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөөчүсүнүн жүйөсүн жабык укту. Аягында 24.kg агенттигинин өтүнүчүн четке какты.

24.kg агенттигинин кеңсеси 15-январдан бери жабык турат.

15-январда УКМКнын кызматкерлери медианын кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, мөөр басып кеткен. Ошол эле күнү агенттиктин директору Асел Оторбаеваны, башкы редакторлор Махинур Ниязова менен Антон Лымарды суракка алган.

Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Согушту пропагандалоо” беренеси боюнча тергелип жатат. Атайын кызмат иш кайсы материал же маалымат боюнча ачылганын тактай элек.

Агенттик УКМК тергөөчүсүнүн кеңсеге мөөр басышын мыйзамсыз деп табууну өтүнүп, сотко кайрылган. Биринчи Май райондук соту 6-февралда тергөөчүнүн аракеттеринде мыйзамсыз иш жок деп таап, адвокаттын өтүнүчүн четке каккан.

Буга чейин Асел Оторбаева редакциянын кеңсесин ачып, мүлкүн камактан чыгарып, кайтарып берүү өтүнүчү менен УКМКга кайрылган. Атайын кызматтын Башкы тергөө башкармалыгы бул өтүнүчтү канааттандырган эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости