www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Владимир Путин Федералдык жыйынга кайрылуу жасап жатып Россияда "Үй-бүлө" аттуу жаңы улуттук программа ишке киргенин билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө көп балалуу үй-бүлө кадыресе көрүнүшкө айланып, коомдун жашоодогу философиясы, мамлекеттик стратегиянын негизги багыты болушу керек.

"Үй-бүлө" долбоорунун алкагында көп балалуу үй-бүлөлөргө салыктык жеңилдетүүлөр каралып, эне капиталы көбөйтүлөт, ошондой эле жеңилдетилген ипотекалык программа 2030-жылга чейин узартылат.

Россия башчысы үй-бүлөдө үчүнчү баланын төрөлүшү менен мамлекет ипотекалык насыянын бир бөлүгүн, тагыраагы, 450 миң рубль төлөөрүн айтып, бул норманы 2030-жылга чейин узартууну сунуштады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости