www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 19-майда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 21-майдан 25-майга чейин кайсы тармактын ишмердүүлүгү жандана турганын айтты. Ага ылайык:

21-майдан баштап ишке киргизилүүчү тармактар:

- Калкты тейлөө борборлору, Мамлекеттик каттоонун бардык тармагы ишке кирет;

- Автоунааларды тейлөөчү борборлор;

- Калкты тиричиликти жактан тейлөө, техникаларды оңдоо;

- Эмерек чогултуу, эмерек жасоо;

- Соода борборлору, соода оюн-зоок борборлору иштейт. Андагы тамактануучу жайлардан жана балдар ойногон жайлардан башка жайлары ишке кирет;

- Азык-түлүк эмес товарларды сатуу жана пункттары ишке кирет;

- Автоунаа жана мал базарлары иштей баштайт;

- Жеке менчик репититор кызматтары;

- Менчик мончо жана СПА-борборлору иштейт. Коомдук ири мончолор жана сауналарга уруксат жок;

- Мейманкананын иштешине уруксат берилет, бирок андагы бассейн жана спорт залдарын иштетүүгө тыюу салынат;

25-майдан баштап иштей турган тармактар:

- Соода сатык чөйрөсүндөгү кийим-кечек сатуучу жайлары. Бишкектеги "Дордой", "Аламүдүн", "Ош базары", Оштогу "Кара-Суу" жана башка аймактардагы ири базарлар;

- Коомдук транспорт, тагыраагы, автобус жана троллейбустар, маршруттук таксилер ишке киргизилип, жүргүнчүлөр сөзсүз түрдө маска тагынышы керек.

- 50дөн ашпаган адамга ылайыкталган коомдук тамактануучу жайлар, кафе, ресторандар, жайкы кафелер иштесе болот. Бул жерде талап ар  бир столдун аралыгы 1,5-2 метрди сакташы керек. Чакан тамактануучу жайлар - фут-корддордун иштөөсүнө тыюу салынат. 

Кинотеатрлар иштесе болот. 

Бул күндөн тартып автобус, троллейбус жана айрым кичи автобустардын жүрүшүнө уруксат берилет. Коомдук транспорт боюнча да өзүнчө эрежелер бар. Бардык жүргүнчүлөр да айдоочулар да беткап тагынуу, элди толтуруп албоо жана башка эрежелер бар.

"Бул тармактар ишке киргенден кийин бардык санитардык-эпидемиологиялык нормалар сакталышы керек. Баары бир ооруну жугузуп алуу коркунучу бар. Ошондуктан бейчеки эле көчөгө чыгып, эс алуу жайларына барыуудан алыс болуңуздар", - деди Боронов. 

Булак: NazarNews.org

Последние новости