www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов чет өлкөдөн келип, обсервациянын талаптарын бузуп, чуу жараткандар катуу жазаланышы керектигин билдирди. Мындай оюн ал комитеттин жыйынында айткан.
"Талаада калган жарандарыбызды алып келүү боюнча өкмөткө тапшырмаларды бердик. Чет жактан келип, обсервацияга жаткысы келбегендер туугандарына гана эмес, мамлекетке да чоң коркунучтарды жаратып жатат. Аларга сиздер катуу чара көрбөйсүздөрбү?", - деп ИИМдин өкүлдөрүнө кайрылып, андан ары сөзүн улап: "Мыйзамга баш ийбөө, мыйзамсыздык деген туура эмес. Жалпы эл 1-орунга мамлекетти, андан кийин башка нерселерди коюшу керек. Мамлекетти баарыбыз сактоого милдеттүүбүз", - деди депутат Икрамов.
Булак: NazarNews.org