www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 19-майдагы Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин кезектеги жыйынында депутаттар Жогорку Кеңештин протоколдук тапшырмаларынын аткарылышы боюнча маалыматтарды угушту.

Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов өлкөдөгү жолдорду куруу долбоорлору тууралуу депутаттардан келген 9 протоколдук тапшырма боюнча маалымат берди.

Талкуу маалында депутат Төрөбай Зулпукаров унаа жолдорунун курулуштарынын наркын аныктоодо долбоорло институттары кайсы логикага таянганына кызыкты.

“Жогорку Кеңештин депутаттарына мыйзам чыгаруу иш-милдети менен катар көзөмөлдөө ыйгарым укугу да берилген. Бирок комитеттин чечимине карабай силер маселени алып салууну сурап жатасыңар. Мындай кылууга такыр болбойт. Мисалы 45 километрди түзгөн “Бишкек – Кара-Балта” унаа жолунун 1 километрине 1 млн. 560 миң АКШ доллары же азыркы валюта курсуна ылайык 120 млн. сом жумшалууда. Жолдун курулушу бир жылга кечеңдеп, муну менен катар долбоордун жалпы суммасы дагы 7 млн. АКШ долларына кымбаттаары айтылууда”, – деген депутат комитет долбоорду башынан аягына чейин көзөмөлдөшү керектигин кошумчалады.    

Андан тышкары, башка жолдордун наркы да негизсиз кымбаттатылганын айткан эл өкүлү “67 километрди түзгөн “Маданият – Жалал-Абад” жолунун курулушу 72 млн. АКШ долларын түзөт. Тагыраак айтканда жолдун 1 километри 1 млн. 74 миң сомго жетүүдө. Дагы бир мисал, транспорт жана жолдор министринин орун басары А.Жусубалиев 500 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара алып жатып кармалган. Ал эми Жусубалиев тендердик комиссиянын төрагасы болгон “Эпкин – Дыйкан” (89-157 км) жол тилкесинин курулушу боюнча долбоордун наркы 40 млн. 750 миң АКШ долларын түзүп, 1 километри 582 миң АКШ доллары болууда. Эми ойлонуп көргүлө, 1 километр жолдун наркы 582 миң АКШ доллары болуп жатса, алынган паранын көлөмү 500 миң АКШ доллар” – деди.

Ошондой эле, тендерлерди өткөрүүдөгү коррупциялык көрүнүштөр арбын экенине көңүл бурууга чакырды.

Булак: NazarNews.org

Последние новости