www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбордук шайлоо комиссиясына 25 саясий партия Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого катышуу ниетин билдирди. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы кабарлады. 

"Жогорку Кеңештин парламенттик шайлоонун мөөнөтүн белгисиз убакытка чейин жылдыруу боюнча мыйзамы БШКга келди, бирок биз чечим кабыл ала элекпиз. Бул маселе боюнча БШК  24-октябрда чогулуп сүйлөшөт. Ал эми шайлоо процесси башталган. Мындан улам саясий партиялар ага катышуу ниетин билдирүүдө", — деди Осмоналиев.

Парламенттик шайлоого катышам деген уюмдар:

  1. "Кыргызстан жашылдар партиясы";
  2. "Бүтүн Кыргызстан";
  3. "Билим-илим ордосу";
  4. "Мекен ынтымагы";
  5. "Ата Мекен";
  6. "Ыйман нуру";
  7. "Афганистандагы согуштун ардагерлеринин жана башка аскердик локалдуу кагылышуулардын катышуучуларынын саясий партиясы";
  8. "Эл биримдиги";
  9. "Улут ордо";
  10. "Элдик кеңеш";
  11. "Глас Народа";
  12. "Патриот партиясы";
  13. "Актив";
  14. "Кыргызстандын прогрессивдүү жаштар партиясы";
  15. "Адилеттүү Кыргызстан";
  16. "Социал-демократтар";
  17. "Өнүгүү Кыргызстан";
  18. "Ордо";
  19. "Республика";
  20. "Ак шумкар";
  21. "Реформа";
  22. "Улутман республикалык партиясы";
  23. "ЛДП НУР"
  24. "Улуу Журт";
  25. "Бүткүл жаштар саясий партиясы".

Белгилей кетсек, БШК парламенттик кайра шайлоону 20-декабрда өткөрүү боюнча чечим кабыл алган. Бирок Жогорку Кеңештин депутаттары 22-октябрда шайлоонун күнүн жылдыруу боюнча мыйзам кабыл алышкан.

БШК мүчөсү, юрист Кайрат Осмоналиевдин айтымында, Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу боюнча атайын чечим кабыл ала элек. 

Булак: NazarNews.kg


 

 

Последние новости