www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 23-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Канатбек Исаев Бириккен улуттар уюмунун Башкы катчысынын Борбор Азия боюнча атайын өкүлү, ошондой эле уюмдун Борбор Азиядагы превентивдүү дипломатия боюнча аймактык борборунун башчысы Наталья Герман менен жолугушту. Бул тууралуу Жогоркку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда тараптар Кыргызстандагы акыркы кырдаалды талкуулап, мындан ары байланыштарды чыңдоо маселелерине токтолушту.
Алгач Төрага Канатбек Исаев өлкөдөгү абалды жөнгө салууга көмөктөшүү ниетин билдирген Бириккен улуттар уюмунун Башкы катчысы Антонио Гутерришке ыраазычылык билдирип: "Жаралган кырдаалга карабай, мамлекеттеги туруктуулук калыбына келтирилди. Калктын талабы эске алынып, Президентибиз өз ыйгарым укуктарынан баш тартуу менен кызматын өткөрүп берди. Муну менен катар Жогорку Кеңештин Төрагасы катары өлкөнү башкаруу укугунан баш тарткандыгыма байланыштуу Президенттин милдети Премьер-министрге жүктөлдү. Учурда мыйзам үстөмдүгүн орнотууга багытталган жигердүү иштер жүргүзүлүүдө", - деди.
Ошондой эле КОВИД-19 пандемиясынан улам Кыргызстанда түзүлгөн кырдаалга токтолгон Төрага: "Илдеттен улам өлкө экономикасы оор жагдайга кептелди. Андыктан, коронавирус менен күрөшүү жаатында Бириккен улуттар уюму менен болгон кызматташтыгыбыз жигердүү уланат деген ишеничтемин", - деп кошумчалады.
Өз кезегинде Бириккен улуттар уюмунун Башкы катчысынын Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Наталья Герман Канатбек Исаевди Жогорку Кеңештин Төрагасы болуп шайланышы менен куттуктап: "Кыргызстан азыр татаал учурду башынан өткөрүүдө. БУУнун Башкы катчысы Антонио Гутерриш да өлкөдөгү абалга тыкыр көз салып, Кыргызстанды жакындан билген адам катары кабатырланууда. Андыктан, түзүлгөн кырдаал менен жерине таанышып келүү үчүн мени атайын жөнөттү. Парламенттик демократияны өнүктүрүүнү көздөгөн өлкө катары таанылган Кыргызстан мындан ары да аталган багытта алгылыктуу кадамдарды жасай берет деген ишеничтебиз", - деди.
Мындан сырткары жолугушууда экономикалык көйгөйлөр, саламаттыкты сактоо багытындагы маселелер талкууланып, боло турган президенттик жана парламенттик шайлоолор тууралуу да сөз болду.
Белгилей кетсек, Бириккен улуттар уюмунун Борбор Азиядагы превентивдүү дипломатия боюнча аймактык борбору аталган чөлкөмдөгү коопсуздукту жөнгө салуу, мамлекеттер аралык байланышты чыңдоо багытында иш алып барат.
Булак: NazarNews.kg