www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Түндүкэлектр” ААК  26-августан баштап Бишкекте беш миң абонент  аралыктан өчүрөт. Бул тууралуу уюумдун пресс-кызматынан кабарлашты.

Электр жарыгын колдонуучулары ушул убакытка чейин электр энергиясына болгон төлөмдөрдү төлөшү керек. Болбосо өз убактысында төлөнбөгөнү үчүн  жарыгы өчүрүлөт.

Төлөмдөрдү  "Quickpay", "Pay24", "UMAI", KICB, "БТА Банк" жана электрондук капчык  "UMAI", "Элсом", "Айыл Банк", "Дос Кредо Банк", "БТА Банк"кассаларындан, “Кыргызстан Коммерсиялык банкы” жана да МИ “Кыргызпочтасы” аркылуу ишке ашыра ала турганын эскертти.

Карыз үчүн өлкөнүнүн эки облусунда жарык өчүрулөт.

Электр энергиясынын аралыктан  “акылдуу эсептегичтердин” жардамы менен өчүрүлөт. Карызды төлөгөндөн кийин ушул эле акылдуу эсептегичтердин жардамы менен электр кубатына кошула алат.

Мекемеден билдиришкендей, өкмөттүн 26-мартындагы көрсөтмөсү менен дебитордук карызы барлардын жарыгын өчүрүү иштери үч айга чейин токтотулган болчу.

Учурда "Түндүк электр" кадимки режимде иштөөгө өткөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости