www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индияда полиция 27 эркекке турмушка чыгып, алардын акчасын жана зер буюмдарын уурдап, качып кеткен шылуун аялды издеп жатат. Бул тууралуу News9Live басылмасы билдирет.

Маалыматка ылайык, кылмыштар Джамму жана Кашмирдин союздук территориясы болгон Сринагар шаарында жасалган. Аты Аврат деп болжолдонгон колуктунун бир нече шериги болгон. Тактап айтканда, аялга бай кишилерди издөөгө тиешелүү адамдар жардам берип, болочок аялынын сүрөттөрүн аларга көрсөтүп, ага үйлөнүүгө көндүрүшчү. Үлпөт тойдон кийин аял күйөөсүнүн үйүнөн акча жана алтын буюмдарды алып изин жашырып жүргөн. Криминалдык карьерасында ал кеминде 27 жолу турмушка чыгып, бардык күйөөлөрүн тоноого жетишкен. 

Жабырлануучулардын биринин айтымында, Аврат качаар алдында ата-энесин тезинен көрүшү керектигин айткан. Кезектеги бай күйөөсүнөн аял клиникага чогуу барганда качып кеткен. Үчүнчү учурда аял акчаны алданган күйөөсүнүн атасына кайтарып берген, бирок ал буга кантип жеткени айтылган эмес.

Алдамчылар тобунун изине түшүүгө аракет кылган жабырлануучулар анын мүчөлөрү жасалма ысымдарды колдонушканын, документтери, даректери менен телефон номерлери жасалма экенин аныкташкан. Келиндин өзүн жок дегенде үч ат менен аташкан: Жахин, Ильяса жана Шахина. Уурдалган акчанын так суммасы белгисиз.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости