www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын газы 2023-жылдын октябрынан тарта "Борбор Азия-Борбор" газ кууру аркылуу Өзбекстанга жеткириле баштайт. Бул тууралуу "Казинформ" басылмасы QazaqGaz компаниясына шилтеме кылып кабарлады.

Маалыматка караганда, учурда аталган газ куурунун Казакстан аркылуу өтө турган бөлүктөрүндө даярдык иштери жүрүүдө.

Өзбекстандын өкмөтү күз-кыш мезгилдеринде кабылып жаткан энергетикалык каатчылыктардан чыгуу үчүн Орусиядан газ сатып алуу ниетин билдирген. 19-июнда өлкөнүн Энергетика министрлиги Орусиядан жалпысынан 2 миллиард 800 миллион куб метр же суткасына 9 миллион куб метрден газ сатып алынарын билдирген. Мекемеден белгилешкендей, бул өлкөнүн "газга болгон муктаждыгын жарым-жартылай жабат".

Өткөн жумада Өзбекстандын энергетика министри Журабек Мирзамахмудов өлкө Орусиядан сатып ала турган газдын баасы канча болорун ачыктай албастыгын билдирген. Анын айтымында, бааны аныктоодо "улуттук кызыкчылыктар жана базар шарттары" эске алынган.

Буга чейин 2023-жылдын биринчи жарымында Кытайга газ экспорттогон өлкөлөрдүн ичинен Өзбекстан бешинчи орунда турары кабарланган. Кытайдын Башкы бажы башкармалыгы жарыялаган маалыматка ылайык, бул аралыкта Өзбекстан Кытайга 203 миллион 900 миң долларга газ экспорттогон.

Жыл башынан бери Кытайга Түркмөнстан 5,06 миллиард долларга, Орусия 3,4 миллиард долларга, Мьянма 737,9 миллион долларга жана Казакстан 448,7 миллион долларга газ саткан.

2022-жылы декабрда Өзбекстандын бийлиги өлкө Кытайга газ экспорттоону убактылуу токтотконун билдирген. Бул Өзбекстандын өзүндө газ тартыш болуп жатканы менен түшүндүрүлгөн. Ташкент Кытайга газ экспортун кайра быйыл апрелде калыбына келтирген.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости