www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук кардиология жана терапия борборунун 27 жаштагы дарыгери коронавирустан эмес, өз жанын кыйып каза болгону маалым болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анда белгиленгендей, маркум дарыгер COVID-19 илдетинен каза тапты деген маалымат чындыкка дал келбейт. Анын ПЦР анализдеринин баары таза чыккан. Мындан тышкары жаш дарыгердин өпкөсүндө эч кандай патологиялар жок болгону белгиленет.

Эске сала кетсек, Бишкек шаарында кардиолог жана реаниматолог-анестезиолог дарыгер Жумабай Бекмуратов 13-июлда каза болгон. Анын жакындарынын айтымында, ал коронавирус жуктуруп алган болчу.

Социалдык тармакта анын досу Нурсеит Мамыров төмөндөгүчө жазып чыккан: «1 жума мурун "досум концентратор алып коюш керек болуп атат" деп жазган элең. Бейтаптарга керек окшойт деп, концентратор саткан адамдын номерин бериптирмин. Ошондо ден соолугуңду эмне сурабадым мен?! Кеттик Түркияга десем, “баарыңар кетсеңер Кыргызстанда ким калат” деп калдың эле. Арабыздан эң жакшысы эле! Бүгүн кыргыз дагы бир азамат уулунан ажырады!» — деп жазган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости