www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талас облусунда 28 жаштагы кыргызстандык Казакстанга дээрлик 50 миң парацетамол таблеткаларын чыгарып кетүүнү көздөгөн. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынан кабарлашты.

Белгиленгендей, бүгүн, 15-июлда “Чоң-Капка-Автодорожный” өткөрүү бекетинин чек арачылары Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын кызматкерлери менен биргеликте Казакстанга эсепке алынбаган жүктөрдү ташууну токтотту.

1992-жылы туулган кыргызстандык М.А., “Мерседес-Бенц” автоунаасын айдап бара жатып, медициналык багыттагы буюмдарды, атап айтканда 48 миң парацетамол таблеткаларын экспорттоого аракет кылган.

Белгилей кетсек, өлкөдөн кандайдыр бир дары-дармектерди экспорттоого убактылуу тыюу салынган.

Документтер толтурулгандан кийин кармалган адам жана жүктү андан ары тергөө үчүн тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости