www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Испаниялык Альберто Санчес Гомес өз энесин өлтүрүп, этин жегендиги үчүн 15 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалым болгондой, 28 жаштагы жигит официант болуп иштеп келген жана 68 жаштагы апасы Мария Соледад Гомес менен чогуу жашаган.

Ал эми жергиликтүү полициянын маалыматына караганда, ал буга чейин да апасы менен болгон пикир келишпестиктен улам 12 ирет полицияга түшкөн. Ал алкоголдук ичимдик ичип, баңгизатын колдонуп келгендиги маалым болгон.

Альберто Санчес Гомес апасы менен болгон акыркы чырда ал апасын муунтуп өлтүргөн соң аны жиликтеп, этин муздаткычка салып коюп үйүндөгү ити менен жеп жүргөн. Ал сотто апасын өлтүрүүгө кулагына угулган ар кандай үндөр түрткөнүн айтып, кылмыш кылганын моюнга алган соң сот аны 15 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости