www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мөңгүлөр жетиштүү деңгээлде эрибей жаткандыктан суу тартыштыгы байкалууда. Бул тууралуу маалымат жыйында Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Алмаз Сокеев билдирди.
Анын айтымында, Ала-Арча дарыясы 3 куб метр суу берип жатат. Ал 9 миң гектар жерди суу камсыз кыла албайт.
“Тоодон 2 – 2,5 эсе аз суу агып түшүүдө. Бүгүнкү күндө суунун көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу эки, эки жарым эсеге аз болууда. Буга мөңгүлөрдүн эрибей калышы себеп. Сууну бөлүштүрүүдө дыйкандарды кезекке коюп жатабыз”, – деди Сокеев.
Булак: NazarNews.kg