www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

70 жашар австралиялык Каролин Хартц 3 баланын энеси, татынакай көрүнөт. Ал 28 жыл мурда шекерге абдан көз каранды болгондугун мойнуна алат.“Көбүнчө аялдар 50 жаштан кийин, фигура менен салмакты сактоого мүмкүн эмес дешет. Кээ бир 40 жаштан өткөн балалуу аялдар дагы фигурасын мурунку калыбына келбейт деп эсептешет”.

Каролиндин айтымында, мунун баары мүмкүн, болгону көп аракет кылып, анан чындап эле каалоо керек. Чындыгында анын денеси – анын сөздөрүн тастыктап турат.“Жаш өткөн сайын метаболизм акырындайт. Бул деген – сиз өзүңүздүн денеңизди колго алып, ден соолукта болгонго чечим кабыл алып, жана өзүңдү көбүрөөк карашың керек дегенди билдирет”.

“Мен, канча тамак жеп жатканыңа кылдат көңүл буруш керек деп эсептейм. Ойлонбой тамак жеш, дайым ашыкча салмакка алып келет. Ырыкаттануу менен тамактаныңыз. Бул, тамакты көп жеп алгандан сактайт.”

28 жылдан бери Каролин Хартц шекер жебейт. Ал шекерге альтернатива тапкан - ксилит (Xylitol), түссүз кристалдар түрүндөгү, сууда жакшы эриген көп атомдуу спирт. Калория жагынан ксилит шекерге жакын, даамы жагынан – сахарозага, бирок биологиялык кубаттуулугу жок.

Каролин Хартцтын сөзү боюнча, семирүү Австралияда эпидемиялык даражага жетти, ал эми анын себеби – шекер.

“Мен шекерден 28 жыл мурда баш тарткам. Башында аябай оор болгон, себеби, мен таттуусуз тура алчу эмесмин. Так ошол шекерди жебегеним үчүн менин ден соолугум жакшы жана менде ашыкча салмак жок”.

Австралийка сүйүктүү тамактардан такыр эле баш тартууну сунуштабайт – болгону бардыгы чеги менен болуш керек.

Уйку дагы маанилүү ролду ойнойт. Каролин Хартц күнүнө жок дегенде 8 саат уктаганга аракет кылат. Дагы ал медитация кылганга чакырат.“Күнүгө жумуш алдында мен жарым саат медитация кылам, бул мага бар күн бою жардам берет. Медитация кылганды 65 жашымда баштагам, андан бери мен туруктуу жана жыйнактуу болуп калдым. Бир нерсени баштаганга эч качан кеч эмес”.

20-30 жаштагы аялдарга Каролин толук көңүлдүү жашоого үндөйт.“Бактылуу болгула, башкалардын ийгилигине ич күйдүлүк кылбагыла, жаш боюнча эч качан кайгырбагыла. Эч кимди укпай, каалагандай болгула. Ооба, жашоо идеалдуу эмес, моюн сунуш керек”.

Булак: "anan.kg"

 

Последние новости