www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жарандардан келип түшкөн кайрылуулардын негизинде Бишкек шаардык жарандарды коргоо боюнча комиссиянын чечими менен Бишкекте күчөтүлгөн дезинфекция иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан маалымдашты.
Ага ылайык, эртең саат эртең мененки 9дан кечки саат 18:00гө чейин шаардын бардык бөлүктөрүндө дезинфекциялоо башталат. 29-июнда Бишкек шаарындагы Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек-Жолуна чейин жана Манас көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейинки аралык, "Эркиндик" бульвары, "Ала-Тоо" аянты, "Эмен багы", Панфилов атындагы сейил бак жана башка коомдук жайлар залалсыздандырылат.
Өлкө боюнча Covid-19 илдетине кабылгандардын саны өсүп жатат. Учурда өлкөдө жуктургандардын саны жалпы 4 миң 748ге жетти. Анын ичинен 1777си Бишкек шаарында.
Булак: NazarNews.kg