www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин жаңы президенти болуп Айваз Оморканов шайланды.
Шайлоо 11-майда Бишкекте өттү.
Буга чейин бош орунга үч талапкер көрсөтүлгөнү кабарланган. Оморкановдон тышкары Волейбол федерациясынын президенти Элмурза Сатыбалдиев жана Кыргыз футбол биримдигинин биринчи вице-президенти Нурдин Букуев талапкерлигин койгон.
Шайлоо күнү талапкерлердин тизмесинде Айваз Оморканов гана болду.
29 жаштагы Оморканов 2021-жылдан бери Эл аралык хоккей федерациясынын (IIHF) кеңешинин мүчөсү жана вице-президенти, ошондой эле Кыргызстандын Хоккей федерациясынын башкы катчысы болуп эмгектенет.
Мурдагы президент Үмбөталы Кыдыралиев болгон. Ал кызматка Париж Олимпиадасынан кийин келген жана быйыл март айында өз каалоосу менен кызматтан кеткен.