www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл аралык космос станциясынан бөлүнгөн Союз МС-16 космос кемеси эки орусиялык жана бир америкалык астронавт менен Жерге кайтып келди.

Белгилей кетсек, аталган кеме Казакстанга келип конду.

Союз МС-16 космос кемеси станциядан Бишкек убактысы боюнча 3.32де чыккан.  Космонавттар 9-апрелден бери ЭКСте иштеп жатышкан.

Учурда станцияда 64 экспедициянын мүчөлөрү — орусиялык Сергей Рижиков, Сергей Куд-Сверчков жана америкалык Кэтлин Рубинс жашайт. Алар Жерге 2021-жылдын 9-апрелинде кайтып келишет.

Эске салсак, 14-октябрда Союз МС-17 биринчи жолу өтө кыска траектория менен ЭКСке учуп, ага болгону 3 саат 3 мүнөттө жетип, рекорд койгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости