www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

3 баласын асып, андан кийин өз жанын кыйган...

Тажикстандын Пенжикент районунун Некнот айылынын тургундары 10-апрелде Кулак көлүнүн жанынан 4 адамдын сөөгүн табышты. Алар бакта асылып турган.

Некнот айылынын тургундарынын айтымында, маркумдар 32 жаштагы Шахло Шарипова жана анын балдары: 6 жаштагы Мухаммаджон, 4 жаштагы Шахноза жана 8 айлык Амина болчу.

Тажикстандын Ички иштер министрлиги тараткан маалыматка караганда, 10-апрелде Шахло Шарипова үй-бүлөдөгү чыр-чатактан улам балдарын бакка асып, андан кийин өз өмүрүнө кол салган.

Некнот айылынын тургундары билдиргендей, Шахло Шарипова менен жолдошу буга чейин мал багуу менен алектенишкен, андан кийин жер иштетип башташкан.

Жубайлар балдары менен бир нече үй-бүлө жашаган тамда жашачу.

Жашоочулар Шахло Шарипованын үй-бүлөсүндө чыр-чатак чыкканын байкашкан эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости