www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын аймагында жасалма документтер менен жүргөн мигранттарга кылмыш жоопкерчилиги жана жазасы каралган. Буга байланыштуу өлкөнүн Ички иштер министрлиги эскертүү жасады.

Министрликтин маалыматына ылайык, акыркы убакта Орусиянын аймагында эмгектенип жүргөн кыргыз жарандары жасалма ID карта жана айдоочулук күбөлүктөрдү колдонгондугу үчүн кармалган учурлар көбөйүүдө.

"Биздин айрым мекендештер документтерин жоготуп же мөөнөтү бүтүп калып жана башка ар кандай себептер менен жасалма документтерди жасатышып жатат. Жасалма документтерди колдонуп жүрсөңүз Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин беренелерине ылайык, кылмыш жоопкерчилиги жана жазасы каралгандыгын эскертебиз. Ошондуктан ар бир жаран өзүнүн документтерин жоготкон учурда жакын аймактагы полиция бөлүмүнө арыз менен кайрылып, документтерди жоготкондугу тууралуу тактаманы алуу керек. Андан кийин Орусиядагы Кыргыз Республикасынын консулдук бөлүмдөрүнө кайрылып, тийиштүү документтерди мыйзамдуу жол менен алуу зарыл. Эгерде сизге жасалма жол менен жасалган документтерди сунуштаган учур болсо ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө кайрылсаңыздар болот", - дешти мекемеден.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости