www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаев менен Бабановдун партиялары бардык жерде биринчи, экинчи орунду алышып, ал жетишкени аз келгенсип “клон” катары Шакинин “Кыргызстан” партиясын төрөп чыгышкан. Бабановдун “Республика” партиясы 2015-жылдагы парламенттик шайлоо алдында “Ата-Журт” партиясы менен бирге шайлоого аттанган. Тагдырдын тамашасыбы Бабанов №1 орунду алып, Ташиев тизмеде кыркынчы номур болгон. Бирок ошого карабай “Республика-Ата-Журт” фракциясы түзүлгөн соң Бабанов Ташиевди “кидать” этип, Ташиев кийинки 2016-жылы эле Ош шаарына шайлоодо “Ата-Журт” партиясы менен чыккан, бүгүн бул партия 16 шаарда жеңишке жетишип, “Республикага” ким экенин көрсөтүп, кулакка тепти.

“Ата-Журт” партиясы менен 2010-жылы бирге аттанып, бирок ал кездеги президент Атамбаевдин каарына калган. Бишкектин жашоочуларын тейлөө максатында мэр болуп турганда Кытайдан жаңы автобустарды алып келгени үчүн кордук көргөндөрдүн бири Түлеев. Учурда үч соттун тең – борбордун Ленин райондук сотунун, Бишкек шаардык сотунун жана Жогорку сот тарабынан экс-мэр Нариман Түлеевге чыгарылган өкүмдөрү жокко чыгарылган. Ал 2012-жылдан бери акыйкаттык үчүн күрөшүп, бардык сыноолорду башынан өткөрүп, темир тор артында отурду, көптөгөн кыйынчылыктарга туш болду. Ал атасынан жана апасынан айрылды, 2020-жылы дагы COVIDден агасын жоготту. Түлеев ар дайым адилеттүүлүккө мыйзамдуу жол менен жетем деп айткан. Күнөөсүз жигиттер үй-бүлөсүнөн алыс, темир тор артында жатып калбасын деп, Жогорку Соттун чечиминен кийин, ага жазылган зыянды толтуруп, бирок ошондо дагы ал өз күнөөсүн мойнуна албаганын айткан. Акыры, тарыхый күн келди. Бишкектен Атамбаевдин балдары жетектеген партияны сүрүп чыгарды. Атасы оңдурбаган балдары оңдурмак беле?

Депутат болгуча элди ойло, депутат болгон соң капчыгыңды ойлорсуң

Аскар Салымбеков 2015-жылы «Бүтүн-Кыргызстан» партиясы менен мүдүрүлгөн соң, Ат-Башыны деги эле Салымбековдун электоратын Шаки өзү билип калган. Эми Салымбеков «Эмгекке» камчы үйүрүп Бишкекте биринчи келди. Бул эми парламенттик шайлоого сценарий болсо керек. Бишкек шаары боюнча шайлоого 25 партия катышып, алардын алтоосу 7%дык босого упайдан өттү. Азыркы эсеп боюнча мандаттар төмөнкүдөй санда бөлүштүрүлөт.

1. «Эмгек» партиясы (13, 96%) — 10 мандат;

2. «Ак-Бата» партиясы (12,22%) — 9 мандат;

3. НДПК (КЭДП) (10,62%) — 7 мандат;

4. «Ата-Журт-Кыргызстан» (9,52%) — 7 мандат;

5. «Ынтымак» (8,3%) — 6 мандат;

6. «Биздин эл» (7,75%) 6 мандат;

Эгерде кимдир бирөөлөргө чокчолоңдоп же сес көрсөтө албаса, анда эмнеге депутаттык орун үчүн мынчалаган адамдар жан талашпас эле. Демек, жергиликтүү органдардын жетекчилерин “шишкебектеп” жей тургандыктан, кээ бирөөнүн терисин тескери сыйрый тургандыктан депутат боло турган талапкерлердин саны арбын. 11-апрелге дайындалган 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештерде шайлоо болот. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышууга укугу бар жарандардын саны 3 млн 304 миң 485 шайлоочуну түзөт. Алардын ичинен – 1 млн 580 миң 631и аялдар, 1 млн 723 миң 854ү мырзалар.

Республикалык маанидеги Бишкек жана Ош шаарларынын тургундары 45 депутатты шайлады. Калган шаардык кеңештерге калкынын санына жараша 21 жана 31 мандат берилген. Шайлоо пропорционалдык система (партиялык тизме) менен өтүп, аялдарга 30 пайыздык квота берилет. Кыргызстандын 21 жаштан жогорку жараны талапкер болуп катталууга укуктуу. Жергиликтүү кеңештин депутаттары бекер иштей турганын белгилей кетүү керек, бир гана төрагасына маяна чегерилет. Ал эми республикалык маанидеги Бишкек жана Ош шаарларында спикердин орун басарлары жана туруктуу эки комиссиянын төрагалары да айлык алат.

Бишкектик депутаттар кимдердин “терисин тескери сыйрый алат”?

• шаардын мэрин шайлоо жана ага ишеним көрсөтпөө;

• салыктын базалык ставкалардын чегинде шаар жерлерине салыктын жиктелген ставкаларын белгилөө;

• мэриянын аппаратын кошпогондо, вице-мэрлерди, шаардын турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу бөлүмдөрдүн жана кызматтардын жетекчилерин дайындоого макулдук берүү;

• шаардын турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу бөлүмдөрдүн жана кызматтардын жетекчилерине ишенбестик көрсөтүү жөнүндө депутаттардын жалпы санынын үчтөн экиси менен чечимдерди кабыл алуу. Бул аларды ээлеген кызмат орундарынан четтетүүгө алып келет.

• жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартибин белгилөө;

• жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышы жана бюджеттен сырткаркы фонддордун пайдаланылышы жөнүндө маалыматты угуу;

• аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоо программаларын бекитүү жана алардын аткарылышын көзөмөлдөө;

• жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле КР мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо;

• муниципалдык менчикти пайдалануунун жана ага ээлик кылуунун тартибин аныктоо. Анын ичинде муниципалдык объектилерди менчиктештирүү программаларын бекитүү, пайдаланышын көзөмөлдөө;

• тиешелүү жетекчилердин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын иши жөнүндө отчётун угуу;

• фракциядан чыккан учурду кошпогондо, мыйзамдарда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;

• жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү;

• мамлекеттик бийлик органдарына киргизүү максатында администрациялык-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;

• шаардык кеңештин төрагасын, анын орун басарларын шайлоо, аларды кызматтан бошотуу, кеңештин төрагасынын КР мыйзамдарына карама-каршы келүүчү чечимдерин жокко чыгаруу;

• өкмөт тарабынан аныкталган ченемдердин негизинде жергиликтүү бийликтин аткаруу органынын штаттык сан-эсебин жана түзүмүн бекитүү;

• муздак сууну, канализация, жылуулук, таштанды үчүн тарифтерди бекитүү;

• алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки сатууга, ырым-жырымдарды өткөрүүгө тыюу салганга чейинки чектөөлөрдү киргизүү;

• ирригациялык тармактарды, үйдөгү жана үй жанындагы участкаларды күтүүнүн тартибин аныктоо;

• жергиликтүү жамааттын уставына жана КР мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечүү.

Органдарды кандай учурда «шишкебектей» алат?

Жергиликтүү кеңеш депутаттарынын статусу жөнүндө 12-беренеде төмөнкүлөр жазылган.

• депутат ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын иштерин текшерүү жөнүндө маселе көтөрө алат;

• ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын ишин менчигинин түрүнө карабастан мамлекеттик органдарды жана жарандардын бирикмелеринин (финансы-чарбалык иштерди, соттордон сырткары) ишин текшерүү зарылдыгы жөнүндө маселе коюуга укуктуу;

• мамлекеттик органдарга депутат баяндаган фактылар боюнча текшерүү жүргүзүү сунушталат. Ыйгарым укуктуу орган текшерүүнүн натыйжасын жергиликтүү кеңешке же сунуштаган депутатка берет. Ал боюнча жооптуу жетекчилерине чара колдонуу маселесин көтөрөт.

Кайсы органдарга сес көрсөтүп, токтоосуз кирип бара алат

Депутаттык ишине байланыштуу өз аймагындагы мамлекеттик органдарга, жергиликтүү бийликке жана жарандардын бирикмелерине, менчигинин түрүнө карабастан ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга токтоосуз кирүүгө укуктуу. Аларды жетекчилер жана башка кызмат адамдары кечиктирбей кабыл алышы шарт.

шаардын аймагында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилери депутаттык укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон материалдарды жана башка маалыматты беришет.

Бирок депутаттын иши мамлекеттик сырга же мыйзам менен корголгон башка жашыруун сырга байланышкан мекемелерге келип-кетүү тартиби ченемдик укуктук актылар менен белгиленет.

Депутат төбөдөн ары бирди жесе, ким болушат?

Конституцияда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган учурлардан тышкары, жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын эч кимдин чектөөгө укугу жок. Мамлекеттик органдар, мэрия жана жарандардын бирикмелери, ишкана, мекеме, уюмдар, алардын кызмат адамдары депутаттардын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруусуна көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.

Депутаттар деле жоопкерчилик тартышат, шайлоочулар өз депутаттарына сунуш-талап бере алышат. Ал шайлоо округунун элинин алдында жоопкер жана аларга отчёт берип турат. Депутат өзүнүн аймагында жайгашкан жана шаардык кеңешке отчёт бере турган мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштөөгө жол берилбейт. Депутаттан ишинде жүрүм-турум эрежелерин, өз беделин сактоо, башка депутаттардын, кызмат адамдарынын жана жарандардын ар-намысын жана беделин сыйлоо талап кылынат. Ошондой эле тиешелүү жергиликтүү кеңешти, шайлоочуларды жана бүтүндөй мамлекетти жаманатты кылган аракеттерден, билдирүүлөрдөн жана жосундардан сактанууга тийиш. Депутаттык мандатты жеке максаттарда пайдаланууга жол берилбейт. Депутаттык этика кодексинин талаптарын сактоого милдеттүү.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости