www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын 20-ноябрына карата шайлоочулардын алдын-ала тизмесинде 3 миллион 544 миң 403 кыргызстандык бар. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Анын айтымында, 2020-жылдын октябрындагы шайлоого салыштырмалуу шайлоочулардын саны 20 миң 849 адамга көбөйгөн.  

"Шайлоочулардын санынын өсүшү калктын санынын өсүшү, биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча туруктуу иш, шайлоочулардын тизмесин инклюзивдүүлүгүн жогорулатуу боюнча башка иш-чаралар, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү жарандардын уюмдары менен иштөө менен байланыштуу", - деп белгилешти БШКдан.  

Кыргызстандыктар өздөрүн шайлоочулардын алдын ала тизмесинен 2020-жылдын 19-ноябрынан 29-декабрына чейин текшере алышат. Алар бардык шайлоо участкаларында жана Тизме порталында жайгаштырылган.

Эскерте кетсек, президенттик шайлоодо шайлоочулар №2 форманын жокко чыгарылышына байланыштуу жашаган жери боюнча гана добуш бере алышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости