www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламенттик шайлоого катышуу үчүн №2 формасы менен кыргызстандык 496 миң 239 жаран арыз меенн кайрылган. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бүгүн, 2-октябрдагы брифингде билдирди.

Анын айтымында, 42 миң 386 жаран №2 формасы боюнча эки же андан көп жолу арыз менен кайрылган.

Алардын ичинен:

- 32 миң 500 жаран эки жолу арыз менен кайрылган;

- 1967 жаран төрт жолу арыз менен кайрылган;

- 872 жаран 5 жолу арыз менен кайрылган;

- 3 жаран 22 жолу арыз менен кайрылган.

Шайлоочулардын соңку тизмесине 3 млн 523 миң 554 адам кирди.

Шайлоочу каттоодо турган жерине бара албагандыгына байланыштуу башка жерде добуш берүү үчүн шайлоо участогуна №2 формасы менен кайрылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости