www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

30 градуска чейин жетет! Апрель айына карата аба ырайы

Кыргызгидромет агенттиги апрель айына карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.

Билдирмеге караганда, абанын айлык орточо температурасы Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында климаттык нормадан 1…1,5 градуска жогору болушу күтүлүүдө. Чүй, Талас, Баткен, Нарын, Ысык-Көл облустарында норманын чегинде, айрым жерлеринде нормадан арбын болору айтылды. Жаан-чачындын айлык көлөмү көпчүлүк райондордо нормага жакын болмокчу.

Чүй облусу

Абанын температурасы түнкүсүн 2…7 градустан 11…16 градуска чейин жылыса, кээ бир түндөрү жана эртең менен өрөөндөрдө -1…-3 градуска чейин төмөндөп, үшүк жүрүшү мүмкүн. Күндүз 11…16 градустан 20…25 градуска чейин жылуу болсо, кээ бир күндөрү 32 градуска чейин ысышы ыктымал. Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн 7…12, күндүз 14…19 градус жылуу болмокчу.

Талас облусу

Абанын температурасы түнкүсүн 1…6дан 9…14 градуска чейин жылыйт. Кээ бир күндөрү күн сууктап, үшүк жүрүшү мүмкүн. Күндүз 18...23 градус ысык болору божомолдонду.

Ош облусу

Абанын температурасы түнкүсүн 2…7ден 11…16 градуска чейин жылыса, күндүз 21…32 градуска чейин ысышы ыктымал. Тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы 8…13 градусту көрсөткөнү менен айрым түндөрү үшүк жүрүшү мүмкүн. Тоолуу жерлерде абанын температурасы күндүз 15…20 градус жылуу болмокчу.

Жалал-Абад облусу

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 2…7 градустан 11…16 градуска чейин жылыса, күндүз 21…26 градус, кээ бир күндөрү 32 градуска чейин ысышы ыктымал. Тоо этектериндеги райондордо 15…20 градуска чейин жылый турганы айтылды, бирок айрым күндөрү үшүк жүрүү коркунучу бар. Токтогул районунда абанын температурасы түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26 градусту көрсөтөт.

Баткен облусу

Абанын орточо температурасы түнкүсүн 2…7 градустан 11…16ны көрсөтсө, күндүз 20…25 градуска чейин жогорулайт. Кээ бир күндөрү 31 градуска чейин ысыйт. Тоо этектериндеги аймактарда түнкүсүн 8…13 градус, күндүз 22…27ге чейин ысык болушу мүмкүн.

Ысык-Көл облусу

Абанын температурасы түнкүсүн -4...1 градустан 4…9 градуска чейин, күндүз 3…8 градустан 12…17 градуска чейин өзгөрүп турушу ыктымал. Айрым күндөрү абанын температурасы 19…24 градуска чейин жогоруламакчы.

Нарын облусу

Ай ичинде Нарында абанын температурасы түнкүсүн -1…-6 градустан 2…7 градуска чейин жылуу болсо, күндүз 17…22 градус жылуу болору айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости