www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

31-мартта Түркиянын чыгышындагы Диярбакыр провинциясында шайлоо тилкесинде куралдуу жаңжал чыкканы кабарланды. Анда бир киши каза болгону, 12 киши жараат алганын түрк басылмалары жазып, видеолорду жарыялашты.

Жергиликтүү Демирөрен кабар агенттигинин маалыматы боюнча, жекшембиде Диярбакыр провинциясынын Агачлыдере маалесинде ондогон шайлоочулардын арасында уруш чыгып, кийин ок атылган. 44 жаштагы Эмин Челик ок жеп каза болгон. Окуя болгон жерге тез жардам кире албай, аймакка жандармерия жөнөтүлгөнү кабарланды.

Ушул эле күнү Шанлыурфа шаарында да эки шайлоо тилкесинде уруш чыгып, 15 киши ооруканага түштү. Жергиликтүү маалымат каражаттары, бул жаңжалга байланыштуу алты шектүү кармалганын жазышууда.

Азырынча Анкара эки провинциядагы окуялар боюнча комментарий бере элек. Шайлоонун алдында түрк бийлиги өлкөнүн 81 облусунда 594 миң полиция жана жандармерия кызматкерлери иштерин кабарлаган.

31-мартта Түркиянын чыгышында таңкы саат 7де жана өлкөнүн башка провинцияларында эртең мененки саат 8де добушканалар ачылган. Муниципалдык шайлоолордо добуш берүүгө 61 миллиондон көп киши катталган.

Бул Түркиядагы соңку он ай ичиндеги үчүнчү шайлоо болуп саналат. Былтыр президенттик шайлоонун биринчи айлампасы 14-майда, экинчи айлампасы 28-майда өткөн. Режеп Тайып Эрдоган добуштардын 52,14% алып, президенттикке шайланган.

Алдын ала сурамжылоолор Стамбул, Анкара жана Измир сыяктуу ири шаарлар үчүн күрөш абдан курч болорун болжолдоп жатышат.

Последние новости