www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте таштанды өрттөгөн жактарга айып салынд

25-28-март аралыгында Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы тарабынан таштандыларды өрттөө боюнча 4 факты аныкталган.

Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган фактылар боюнча инспекторлор тарабынан тиешелүү чаралар көрүлдү. Тактап айтсак, Жаш Гвардия бульвары, 2 дареги таштанды өрттөгөндүгү үчүн жеке ишкер Р. Б. А. карата протокол түзүлүп, 23 миң сом айып салынды.

Ошондой эле шаар тургуну К.М. карата Дэн Сяопин проспектиси, 409 дарегинде куураган чөптү өрттөгөндүгү үчүн протокол түзүлүп, 7 миң т500 сомду түзгөн айып пул салынган.

Ушундай эле мыйзам бузуу Профсоюзная-Кайназарова көчөлөрүнүн кесилишинде Б.У.Г жаран тарабынан жасалган. Тартип бузуучуга инспекторлор тарабынан протокол түзүлүп, 7 миң 500 сом айыр салынды.

Мындан тышкары, А.К.Г. Андижанская, 111 дарегиндеги үйүнүн аймагында таштанды өрттөгөнү аныкталган. Агаг карата протокол түзүлүп, 7 миң 500 сом өлчөмүндө айып салынды.

Эскерте кетсек, таштандыларды белгиленбеген жерлерге таштоо жана өрттөө үчүн мыйзам бузуучулар КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартылышат. Жеке жактар үчүн айып 7 миң 500 сом, юридикалык жактар үчүн 23 миң сомду түзөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости