www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 30-июнга карата Кыргызстанда дагы 279 адамдан коронавирус илдети табылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 182, Чүй облусунан – 36, Ош шаарынан – 1, Ош облусунан – 1, Ысык-Көл облусунан – 18, Жалал-Абад облусунан – 7, Талас облусунан – 15, Нарын облусунан – 10, Баткен облусунан – 9 катталган.
Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 5296га жетти. Алар:
– Жалал-Абад облусунда — 336 адам;
– Ош облусунда — 485 адам;
– Ош шаарында — 651 адам;
– Бишкек шаарында— 2097 адам;
– Нарын облусунда — 484 адам;
– Чүй облусунда — 732 адам,
– Баткен облусунда — 77 адам;
– Талас облусунда – 66 адам;
– Ысык-Көл облусунда — 129 адам.
– Чет өлкөлөрдөн келген жарандар – 240 адам.
Ал эми акыркы бир сутка ичинде коронавирус илдетинен айыккан 76 бейтап ооруканадан чыгарылып, алардын жалпы саны 2379ке жетти.
Оорудан айыккандар: – Бишкек шаарынан – 22 адам; Чүй облусунан – 5 адам, Ош облусунан – 9, Ош шаарынан – 19, Талас облусунан – 3, Баткен облусунан – 1 адам, Нарын облусунан – 9, Жалал-Абад облусунан – 1, Ысык-Көл облусунан – 7 адам.
Илдеттен улам каза болгондордун саны 50гө жетти.
Булак: NazarNews.kg