www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн эртең менен Москванын аэропортторунда каттамдар көп кармалып турду. Бул тууралуу "Яндекс.Расписание" кызматы билдирет.

30-сентябрда Москва убактысы боюнча саат 8.39га карата Внуково аэропортунда эки рейс кармалып, экөө токтотулду, Домодедоводо 18 рейс кармалып, экөө токтотулду, Шереметьеводо жети рейс кармалып калды.

Эмне себептен кечеңдеп жатканы азырынча белгисиз. Федералдык аба транспорту агенттиги да борбор калаанын аэропортторундагы абал боюнча комментарий берген жок.

29-сентябрда да Москванын аэропортторунда каттамдар көп кармалып турду. Домодедового тогуз, Внукового 11 жана Шереметьевого үч каттам кармалып же токтотулган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости