www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акылман элибиз, “бирөөгө ор казсаң тайыз каз” дешкен. Кокус ал орго өзүң түшүп калсаң чыгаарыңа жакшы деген маани жатат. Түпкү маанисине үңүлсөк, бирөөгө жамандык кылба, кыянаттык жасаба деп түшүнсөк болот. Дал ушуга маанилеш “бирөөгө көр казсаң кенен каз” деген дагы бар. Мунун деле түз маанисинде ошол казылган көргө өзүң жатып калышың мүмкүн, жатканыңа жайлуу болсун деген ой жатат. Ал эми сөздүн төркүнүн аңдасак, бирөөгө жазыксыз жерден жамандык, кыянаттык кылба, күнөө кылуудан алыс бол деген маани чыгат.

Тилекке каршы, азыр мындай мааниси терең философиялык насаатка эч ким анчейин көңүл бурбай баратат. Өзгөчө эл тагдырын калчаган төбөлдөр, соттор. Мына айталы, өткөндө эле  “кемпирабадчыларды камалсын” деген токтомдорду токуп отурган, Бишкек шаардык сотунун судьясы Илиязова Назгуль 10 миң доллар пара опузалап алууга шектелип кармалды. “Кемпир-Абад” ишине байланыштуу камактагылардын туугандары абдан каргады эле. Кордук көргөн адамдын каргышы түз жетет деген ырас окшойт.

Мына эми мынтип өзү абактын “даамын” татканы калды. Карга карганын көзүн чукубайт эле болуп, үй камагына чыгып жазадан жеңил кутулуп кетпесе, жазыксыз жерден айыптуу кылып бирөөгө ор казгандын арты жакшы болбой турганын жон териси менен сезчү жерде. 

Деги эле Илиязова Назгүлдүн пара алып кармалышы соттун профессионалдуулугуна, моралдык жоопкерчилигине доо кетирди. Демек, кемпирабадчылардын сот иштеринде да шек пайда болуп, ишти кайра кароо маселеси жаралды десек жарашат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости