www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

30 жашка чейин эмнелерди билишибиз керек?

Жашоо жана жашалган нерселердин эң баалуу мугалим экендиги айтылат. Адамдардын көбү сабакты жашоодон алып, кыйын жолдор аркылуу үйрөнүшөт. Ideapodдун башкы директору Жастин Браун кыйын күндөрдөн алган маанилүү сабактарын бир арага чогултуп, тажрыйбалардан топтогон жыйынтыктары жаштар үчүн жол көрсөткүч болоорун белгилеп, мындай дейт: “30 жаштан кичине болсоңуз, бул жерде бөлүшкөн ар бир сабакты ойлонуңуз. А эгер 30 жаштан улуу болуп, бул сабактардын айрымдарын биле элек болсоңуз, анда үйрөнүүнүн заманы келди”.

19) Эч ким сага жардам бербейт. Өз жашооңо өзүң жооптуу бол. Бардыгы сага гана көз каранды. Өзүңө жардам бер

18) Баары сенин колуңдан келбейт. Ичиңде чексиз потенциал бардай сезилет. Бул сонун сезим. Бирок чектер бар. Ар жолкусунда бир нерсеге гана көңүл кой

17) Ийгиликсиздик сен ойлогондой маанилүү эмес. Канчалык эрте ийгиликсиз болсоң, ошончолук эрте ийгиликке жетесиң

16) Тынымсыз көнүгүү аткарышың керек. Ден соолук жана денеге жакшы кам көр. Азыр жакшы иштеп турган убагы болушу керек сенде. Бирок жаш өткөн сайын бул адаттын пайдасы үчүн сүйүнөсүң

15) Артка кадам жок. Кыялдарың маанилүү. Кылган аракетиң текке кетпейт

14) “Анан” демек, “эч качан” деген сөз. Жасашың керек болгон нерселерди жылдыра берсең, эч качан жасай албайсың

13) Тажрыйба жана сезимдер акчадан дагы маанилүү. Банктагы эсепте акчаңдын болушу жагымдуу нерсе, бирок артка кылчайганда жашоого байланышкан жакшы көз ирмемдерди, сезимдерди тажрыйбадан  алганыңды көрөсүң. Маанилүү болгон ушулар

12) Азыртадан акча чогулта башта. Жогоруда айтылгандарга карабастан, акча дагы мааниге ээ. Бирок кооз нерселерди сатып алуу үчүн эмес. Кирешенин бир бөлүгүн дайыма чогултканды адатка айлант. Мага ишен. Азыр баштасаң, келечектеги жылдарда мага рахмат айтасың.

11) Эң бактылуу адамдар эң көп иштегендер. Жашоодо дайыма бактылуу бол. Бирок, бактылуу болуу шансы сенин чыдамдуулугуңдан көз каранды. Көп иштесең, шанс өзү келет.

10) Дүйнө адилетсиздик менен курчалган. Эң жаманына даярдана бер. Анткени туш келишиң толук мүмкүн.

9) Сага жолуккан ар бир киши маанилүү. Аларга жөнөкөй караба. Жашоосуна, алган ордуна сый мамиле кыл. Баштоо үчүн туура бир убакыт деген нерсе жок. Бир нерсе жасагың келсе, азыр башта. Алдыга карай кадам ташта. Жасашың керек болгон нерсе ушу. Бирок күтпө!

8) Бузук мамилелерди артка ташта. Мамиле түздөлбөсө жолуңду улант. Бирок муну сый мамиле, байланыштын негизинде ишке ашыр.

7) Алсыз жактарыңды ойлоно бербе. Мындай баарыбызда бар. Сеникилерди кучакта. Өзүңдү кабыл ал. Аларды оңдоонун жолдорун изде. Күчтүү жактарың кандай болбосун сени каалаган жериңе алып барат

6) Билим алуу мектеп, университет менен чектелбейт. Жашоо, акыркы алган демиңе чейин үйрөтүүнү уланта берет.

5)Үйбүлө жана бир туугандар, жашоодогу эң керектүү адамдар. Сен жашаган жашоону берүү үчүн кандай күндөрдү жашаганын жаш өткөн сайын жакшы түшүнөсүң. Аларга жакшы мамиле кыл, кандай болсо ошондой кабылда. Ар мүмкүнчүлүк сайын кандай жакшы көрөөрүңдү айтып тур.

4) Жасоого татыктуу нерселер дайыма убакытты талап кылат. Максатка жетүү кулакка жагымдуу угулганы менен биз күткөндөн көп убакытты алат.

3) Online достор чыныгы дос эмес. Ачуу, бирок бул чындык. Чыныгы достор, муктаж болгондо жаныңда болгондор.

2) Сүйүү, сезимдердин эң эле таттуусу жана азапка салуучусу. Бул боюнча сенин колуңдан келе турган бир нерсе жок. Азапты кучактайсың. Жаралайт. Бирок, азап менен сапарга чыгуу сени таттуу жашоого жеткирет.

1) Жашооң эбак башталган. Жашоо үчүн даярдаанууга убактың жок. Жашоо ушундай. Сен ансыз да жашап жатасың. Мунун жоопкерчилигин ал. Ар мүнөттүн ичинде өзүнчө маани, мүмкүнчүлүктөр жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости