www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Херсон облусунун жашоочусу Украинанын борбордук жана батыш региондорунан адамдарды күнүнө 15 саат бекер иштөөгө мажбурлап мыйзамсыз кармап жүргөн. Бул тууралуу "Strana.ua" билдирди.

Маалыматка ылайык, 30 жаштагы Украинанын жараны адамдарды кул кылып алган. Бул тууралуу ал жактан качып чыккан эки адам айткан. Милиция кызматкерлери "эмгек лагеринде" 19дан 53 жашка чейинки 13 адам, анын ичинде эки аял болгонун аныкташкан. Алардын бардыгы сарайда антисанитардык шарттарда жашашкан.

Үйдүн ээси өзүн бригадир деп атап, өзүнүн "туткундарын" жергиликтүү дыйкандарга ижарага берген. Эртең мененки саат 05:00дөн күүгүм киргенге чейин адамдар күйүп турган күн астында талаада иштешкен.

Алардын айтымында, ээси аларга психологиялык кысым көрсөткөн. Ал жай мезгилинин аягында жасаган иши үчүн татыктуу сыйлык төлөп берүүнү убада кылган. Ошол эле учурда ал киши дыйкандардан алган акчаны өзүнө алып алган. "Камактагылар" уктап жаткан жай жана тамак-аш үчүн гана иштешкен.

Маалым болгондой, Украинанын Кылмыш кодексинин 146 ("Мыйзамсыз эркиндигинен ажыратуу же адам уурдоо") жана 149 ("Адамдарды сатуу") беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Укук коргоо органдары тергөө аракеттерин улантышууда.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости