www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров эртең, 25-январда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Кытай Эл Республикасынын (КЭР) мамлекет башчыларынын жамааттык онлайн жолугушуусуна катышат.
Кытай тараптан демилгеленген «Борбор Азиянын мамлекеттери-Кытай» онлайн-саммитине КЭРдин төрагасы Си Цзиньпин, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров, Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов жана Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев катышат.
Тараптар Борбор Азия өлкөлөрү менен Кытайдын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн кеңири спектри, ошондой эле көп кырдуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча пикир алмашат.
Онлайн-саммиттин жыйынтыгында дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Кытай Эл Республикасынын мамлекет башчыларынын биргелешкен билдирүүсү кабыл алынат.
Булак: NazarNews.kg