www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 24-январда Өкмөт үйүнүн алдында митинг өтүп жатат. Чогулгандар көзөмөлдөөчү-кассалык машиналарды (ККМ) колдонууга каршы чыгууда.
Митингге 200дөн ашуун ишкер чогулду. Алар ККМ ишкерлердин жумушун татаалдатып жатканын айтышты.
«Биз ансыз деле салык төлөйбүз. Патент үчүн, имараттын ижара акысын дагы төлөйбүз. Бул акыйкатсыздык, ККМ менен иштөө талабы жокко чыгарылсын.
Биздин ордубузда жок дегенде бир күн иштеп көрүшсүн, анан чиновниктер ойлогондой миллиондогон акча таппай турганыбызды көрүшөт», - деди митингчилер.
Белгилей кетсек, аталган маселеге байланыштуу бүгүн ишкерлер жана соодагерлер менен Министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн жолугушуусу пландалган.
Салык кызматынын маалыматына ылайык, 20-январга карата Кыргызстанда кассалык аппарат (ККМ) колдонгон субъекттердин жалпы саны 32,5 миңге чамалады. Учурда ККМнын эки - аппараттык жана программалык түрү колдонулууда.
Эске салсак, Президент Садыр Жапаров 18-январда жаңы Салык кодексине кол койгон. Бул документте көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу максатында ишкердик субьекттеринде жапырт көзөмөл кассалык аппараттарды киргизүү жобосу камтылганы айтылган. Өкмөт муну бюджетке түшкөн салык, бажы төлөмдөрүн көбөйтүү максаты менен негиздеген.
Булак: NazarNews.kg