www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын түштүк региондорунда бир нече күндөн бери газ берүүнүн көлөмү азаюуда. Бул туурасында "Газпром Кыргызстан" ишканасы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул абанын температурасы кескин төмөндөп жана керектөө өсүп жатканына байланыштуу. Ошондой эле Өзбекстан газ экспорттоону токтотуу планы туурасында дагы расмий билдирген.
"Өзбекстандан чыккан газды жеткирип турган "Газпром экспорт" ишканасы жана өзбек кесиптештер менен газды туруктуу негизде камсыздоо боюнча активдүү иштер жүрүүдө. Кырдаал күнү-түнү көзөмөлдөнүп жатат. Мындай көйгөй жылда күз-кыш мезгилинде керектөө өскөн сайын жаралып турат. Өзбекстандын өзүндө ресурстук базасы азайганына байланыштуу түштүк тарапка газдын экспорту төмөндөй турганы айтылды.
Мындан сырткары, катуу суукта Өзбекстандын ички керектөөсүн камсыздоо кыйындап, жылытуу сезонунда чектөөлөр киргизилет. Коңшу өлкөнүн бийлиги жаратылыш газын экспорттоону токтотуу планын расмий түрдө билдиргенин да белгилей кетүү керек", — деп айтылат маалыматта.
Мекеме бул маселени чечүүнүн бир жолу катары өлкө ичинен газ чыгарууну өнүктүрүүнү атады. Бул түштүктөгү облустарды энергетикалык ресурс боюнча көз карандысыздыкка жеткирери белгиленди.
Мындан улам авариялык кырдаал жаралбаш үчүн көп күч келген маалда Ош шаарындагы жеке секторлорго газ берүүгө чектөө киргизилет.
"Газпром Кыргызстан" жаралган ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, Ош шаарын газ менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча бардык керектүү иш-чараларды жүргүзүп жатканын белгиледи.
Булак: NazarNews.kg